Connect with us

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 11 документке кол коюлду

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 368 | 0

Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форумунун алкагында 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү багытында кол коюлган документтердин тизмеси:

-Агроөндүрүш тармагындагы кызматташуу жөнүндө жол картасы;

-Жалал-Абад облусунда текстиль буюмдарын өндүрүү боюнча кызматташтык келишим;

-Нарын облусунда терини кайра иштетүү жана өндүрүү, картошка өстүрүү багытындагы агрардык класстер уюштуруу боюнча кызматташтык келишим;

-Картошка өстүрүү жана мал багуу боюнча агрардык классстерди түзүү тармагында кызматташуу жөнүндө келишим;

-«Кыргыз Республикасында карбид жана кальций өндүрүү комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында өнөктөш болуу келишими. Анын суммасы 20 миллион долларды түзөт;

-Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү данын жеткирүү келишими. Келишимдин суммасы 100 миллион долларды түзөт;

-Кыргызстандагы электр энергиясын эсепке алуу жана шаймандарын куроону уюштуруу боюнча кызматташуу жана алакада болуу жөнүндө меморандум;

-Базальт ташын кайра иштеткен заводдун иши жөнүндө меморандум;

-Өзбекстандын ишканаларынын продукцияларын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу келишими;

-Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба продукцияларын жеткирүү келишими.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM