Биз менен байланышыңыз

«Быйыл өлкө боюнча 7 заманбап оорукана курулат»

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 328 | 0

Быйылкы жылы республиканын аймактарында 7 заманбап оорукана курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Республикалык перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин курулушу Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган перинаталдык борбор заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Медициналык мекемеде ар кандай патологиялар жана оорунун өрчүп кетүүсүнөн улам келип чыккан татаал операциялар жасалат. Ооруканада 203 бейтапка орун каралган. Борбор ушул жылдын экинчи жарымында ишке берилиши күтүлүүдө.

«Кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ош жана Талас облустарында ушундай перинаталдык борборлор курулат», — деди ал.

Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы №6 клиникалык төрөт үйүн реконструкциялоону жыйынтыктоону, медицина кызматкерлерин перинаталдык борбордо ар кандай патологияга кабылган кош бойлуу айымдарга жана ымыркайларга кам көрүүнүн жыйынтыктарын жакшыртуучу заманбап жабдууларды колдонуу боюнча окууларды өткөрүүнү тапшырды.

Андан соң Акылбек Жапаров Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен курулган шаардык кургак учукка каршы жаңы ооруканасына барды. Оорукана 128 бейтапка ылайыкталган.

Учурда мекемеге медициналык жабдуулар орнотулуп, анын ачылышы үстүбүздөгү жылдын февраль айына пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM