Биз менен байланышыңыз

Баткен шаарына алып келинген автобустардын үчөө каттамга чыкты

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 375 | 0

Өткөн жылдын ноябрында Баткен шаарына биринчи жолу алып келинген алты автобустун үчөө бүгүн, 25-январдан баштап каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маршруттук каттам Жибек Жолу, И. Жусупов, Сайдиман ажы, К. Тумаматов, И. Раззаков көчөлөрүндө, Чет-Булак кварталы боюнча жүрөт. Жол кире акысы 15 сом.

Мэриядан кошумчалашкандай, автобустардын калган үчөө лицензиясы даяр болуп, тиешелүү уруксат берилгенден кийин чыгат.

Белгилей кетсек, Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алып келинген. Шаар калкын тейлөөгө багытталган автобустар «Айыл Банк» тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM