Connect with us

Бишкекте жаңы кичирайон курулат (эскизи)

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 488 | 0

Бишкектеги №47 колониянын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда. «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси долбоордун эскиздери менен бөлүштү.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеткиликтүү ипотекалык турак жай жана өлкөнүн тышкы карызын социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштыруу боюнча маалымат берген.

Анын айтымына караганда, 2022-жылдын майында Кыргызстандын Министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен МИК ачык акционердик коомуна берилет.

Бүгүнкү күндө 4,966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM