Connect with us

Майлуу-Суу шаарына суу толук кандуу бериле баштады

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 291 | 0

Бүгүн, 25-январдан тарта Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү суу толук кандуу бериле баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, 15 чакырым аралыктагы суу түтүкчөлөрү ӨКМдин өздүк курамы жана шаар суукана ишканасынын кызматкерлеринин жардамында эритилди.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM