Биз менен байланышыңыз

Балдары кырсыктан каза болгон энелерге наам берүү сунушталды

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 415 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун сунуштап, ал коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутат энелерди орден жана медалдар менен сыйлоо боюнча ченемди кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейт.

«Экологиялык абал, социалдык-экономикалык абал начарлап, кырсыктар көбөйдү. Бул жагдай балдардын күтүлбөгөн жерден ооруп каза болушуна, кырсыктын кесепетинен жаракат алгандардын көбөйүшүнө таасирин тийгизүүдө», — деди ал.

Жаныбек Кыдыкбаев балдары кырсыктан каза болгон же оорунун кесепетинен каза болгон энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйлоо керектигин белгиледи. Мыйзамдын азыркы редакциясына ылайык, бул сыйлыктар көп балалуу энелерге гана ыйгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM