Биз менен байланышыңыз

Профсоюздар федерациясы эс алуучу жайларды оңдоо үчүн инвестор издөөдө

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 283 | 0

Кыргызстандын профсоюздар федерациясы эс алуу жайларды оңдоо үчүн инвесторлорду издөөдө.

Токой тармактарынын кызматкерлери профсоюзунун төрагасы жана кыймылсыз мүлк маселелери комиссиясынын жетекчиси Канатбек Осмонов профсоюздар федерациянын карамагында ден соолукту чыңдоочу алты курорт-санатория, алты эс алуу үй, 20дан ашуун лагер жана балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлор бар экенин билдирди.

«Кыргызстандын керемет жерлери, тоолору, көлдөрү бар. Мына ошонун ичинен эң жакшы жерлеринде профсоюздун объектилери жайгашкан. Алсак, дарылык касиети бар ылайлар, минералдык суу, термалдык ысык суу жана булак. Тилекке каршы, ошол санаторийлердин абалы начар, заманбап талаптарга жооп бербей жатат. Ошол себептен элде нааразычылыктар болууда», — дейт ал.

Осмонов бир гана инвестиция тартуу менен ал объектилердин абалын оңдоп, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген шартка алып келүүгө болорун белгилейт.

«Өткөн жылы Кыргызстандын туризмин өнүктүү фонду түзүлгөн. Алар менен иш жүрүүдө. Инвестиция келсе, санаторийлер жакшырып калат эле. Инвесторлор бир гана сырттан эмес, ичтен да келсе жакшы болмок. Аларды да чакырат элек», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM