Биз менен байланышыңыз

Өкмөт балдар наркоманиясына каршы күрөшүү чараларын талкуулады

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 194 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдар жана өспүрүмдөр арасындагы баңгичиликтин алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Белгиленгендей, акыркы жылдары жаңы социалдык тармактардын жайылышына жана фармацевтикага жеткиликтүүлүк жогорулагандыгына байланыштуу өспүрүмдөр арасында баңгичиликтин көбөйүшү байкалууда. Наркоманиянын кадимки түрлөрү менен катар, балдар жана өспүрүмдөр арасында дарыкана наркоманиясы деп аталган күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептсиз берүү маселеси кеңири жайылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдар наркоманиясынын алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралар жыйындысын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Балалыкты жана балдардын кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы болуп саналат. Мамлекет башчынын чечими менен мамлекеттин чектелүү ресурстары биринчи кезекте балдардын маселелерин чечүүгө, алардын ден соолугуна жана билимине багытталат. Балдардын наркоманиясына каршы күрөшүү маселелеринде мамлекеттик органдардан координацияланган жана комплекстүү иши талап кылынат. Буга адистештирилген мекемелерде диагноз коюу жана дарылоо үчүн шарттарды жакшыртуу, мугалимдердин жана ата-энелердин көңүлүн бул маселеге буруу, тиешелүү маалыматтык кампанияларды жүргүзүү, медициналык жана реабилитациялык жардамды өнүктүрүү кирет. Жакынкы күндөрү күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмеси тез арада кеңейтилиши керек. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу менен өспүрүмдөргө рецептсиз дарыларды берүүгө катуу тыюу салынат», — деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар: адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында баңгизатка көз карандылыкты аныктоо үчүн шарттарды камсыз кылуу; адистештирилген мекемелерди тийиштүү адистер (наркологдор, психологдор) менен толуктоо; адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде баңгизатка көз каранды балдарга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн күндүзгү стационарды түзүү; күчтүү таасир этүүчү дары-дармектердин тизмесин кеңейтүү; күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди рецептсиз сатуу үчүн жоопкерчилик чараларын киргизүү боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM