Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыргызстандын спортчулары 7 медаль алды

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 198 | 0

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 7 коло медаль алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Чемпионат 19-январда башталып, ага 22 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Коло байгенин ээлери:

Ислам Төрөбаев (54 кг)

Аскат Култаев (63,5 кг)

Ихтияр Нишонов (67 кг)

Нурадин Рустамбек уулу (71 кг)

Нурсултаев Болотбаев (86 кг)

Бакыт Токтосун уулу (92 кг)

Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору)

Белгилей кетсек, спортчулар улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында жөнөп кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM