Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирустан каза болгондор кайра көбөйө баштады

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 228 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус өткөн жылдын декабрь айынын башынан бери COVID-19дан каза болгондор көбөйө баштаганын билдирди.

Анын айтымында, ушул жумада коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыялангандан дээрлик үч жыл өткөндөн кийин уюмдун эксперттери «Учурдагы абал дагы деле глобалдык өзгөчө кырдаал болуп калабы же жокпу?» деген маселени талкуулоо үчүн кайрадан чогулушат.

«Мен Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин сунуштары жакшы эмес экенин алдын ала сезип турам жана каза тапкандардын көбөйүп жатканына тынчсыздануудамын. Биз үч жыл мурунку пандемияга караганда жакшыраак абалда турсак да, саламаттыкты сактоо тутумдары дагы бир жолу оор абалды баштан кечирүүдө», — деди Гебрейесус.

Муну менен катар ДССУнун адистери коронавируска каршы вакциналар көңүлгө толорлук эмес экенин, ал тургай, эмдөө кынтыксыз жасалса да, эмделгендердин арасында оор учурлар көбөйүп жатканын белгилешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM