Биз менен байланышыңыз

Болот Назаровдун иши кыскартылып, сот залынан бошотулду

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 2377 | 0

Бүгүн, 24-январда Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун иши каралды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү отурумда Назаровго карата кылмыш иши жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкендигине байланыштуу кыскартылды. Акын сот залынан бошотулганын жактоочусу Бакыт Автандил кабарлады.

Буга чейин Москва райондук соту ага карата 16-мартка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Былтыр 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, төкмө акын Болот Назаров жылкы уурдоого шектелип, кармалган.

Бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдаган өнөрпоз Назаровго бир жыл мурда да иш козголгон. Былтыр январдын аягында Назаров иликтөөчү журналист Болот Темиров менен кармалып, андан кийин үй камагына чыгырылышкан. Ал иш тергелип бүтө элек.

Болот Назаровдун «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары бар.

Төкмө акындар жана айтыш тууралуу канчалык билесиз? (тест)

Copyright © 2017 Maral FM