Connect with us

Өлкөдө жарым миллиондон ашык салык төлөөчү отчётун онлайн тапшырат

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 306 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 607 миң 118 салык төлөөчү salyk.kg сайты аркылуу онлайн отчёт берип турат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы бул сайтта 2022-жылы 235 миң 72 субъект өзүнүн «салык төлөөчү кеңселерин» түзгөн.

«Мындан тышкары 64 миң 599 салык төлөөчү электрондук-санариптик кол тамганы пайдалануу менен отчёт беришүүдө. Ошондой эле Салык кызматын «Түндүк» системасына кошуу менен тиешелүү мамлекеттик органдар бардык зарыл маалыматтарды жана маалымкаттарды Салык кызматынан электрондук форматта алышат, бул жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн Салык кызматына кайрылуу зарылдыгын жокко чыгарат», — деп айтылат маалыматта.

Салык кызматынан патентти жана камсыздандыруу полисин бир документ менен онлайн алууга мүмкүн болгон «Э-патент» электрондук сервиси иштей турганын эскертет. Мында төлөөнү ар кандай электрондук капчыктардын, терминалдардын же онлайн-банкингдин жардамы менен накталай эмес жүргүзсө болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM