Биз менен байланышыңыз

Ырчы Рустам Сагыналиевдин операциясына акча чогултулуп жатат

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 1646 | 0

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы «Эл шайырлары» тобунун ырчысы Рустам Сагыналиев боордун циррозуна кабылып, учурда Индияда дарыланып жатат. Жакын арада жасала турган операциясына 30 миң доллар керек болууда. Буга байланыштуу ырчынын жакындары, өнөр чөйрөсүндөгү санаалаштары жалпы элден жардам сураган кайрылуу таратышты.

«Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун ырчысы Рустам Сагыналиев боордун циррозу менен жабыркап, ушул тапта Индия мамлекетинде дарыланып жатат. Анын боорун алмаштыруу үчүн 30000 (отуз миң) доллар өлчөмүндө каражат керектелет экен. Кайдыгер карабаган ар бир жаран салымын кошуп, таланттуу жигитибизди сактап калалы!» — деп жазылган кайрылууда.

Ырчыга жардам берүүнү каалагандар (0554) 12-12-55 Элсом номерине акча которсо болот.

Эскерте кетсек, 9-февралда кайрымдуулук концерти өтөт. Андан түшкөн каражат Рустам Сагыналиевдин эсебине которулат.

Copyright © 2017 Maral FM