Биз менен байланышыңыз

Быйыл салык кызматы 248 млрд сом салык жыйноону пландоодо

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 241 | 0

2023-жылы Мамлекеттик салык кызматына 248 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо планы коюлду. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов маалымат жыйында кабарлады.

Абдуваповдун айтымында, анын ичинен салык боюнча 196 млрд сом, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 51 млрд сом чогултуу пландалууда.

«Коюлган пландагы салыктарды фискалдаштыруу жана көмүскөдөн чыгаруу менен аткарабыз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM