Бишкекте үч мектеп онлайн окутууга которулду. Бул жөнүндө «Маралга» мэриянын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун сунушу боюнча №87, №81, №96 мектептерди онлайн окутууга которушту. Алдын ала маалыматтар боюнча, балдар аба-жылуулук режими турукташканга чейин ушул жума бою үйдөн билим алышат.
Эске салсак, өткөн жумада катуу суукка байланыштуу өлкө аймактарындагы бир катар мектептер аралыктан окутууга өткөн.