Connect with us

Кытайдан мыйзамсыз алынып келген унаалар ээликтен ажыратылды

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 214 | 0

Howo үлгүсүндөгү 4 унаа мыйзамсыз түрдө ээликтен ажыратылганы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы «Н» ЖЧКсына Кытайдан Кыргызстанга Howo үлгүсүндөгү 4 унаа келген. Алар КНСти төлөө боюнча жеңилдетүүлөрдү колдонуп, ички керектөө үчүн чыгаруу жана бул товарларды пайдаланууга же тескөөгө чектөөлөр менен бажылык жактан таризделген.

2021-жылы «Н» ЖЧКсы түзүлгөн соода-сатык келишиминин негизинде унаалардын бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жеке жактарга өткөрүп берген.

Белгиленгендей, муну менен аталган компания Кыргызстандын бюджетине 388 миң 891 сом өлчөмүндө зыян келтирген, анткени шарттуу түрдө чыгарылган товарларды үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатууга же башка ар кандай ээликтен ажыратууга тыюу салынат.

Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM