Connect with us

Улуттук госпиталга 35 млн сомдук микроскоп тапшырылды

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 206 | 0

Бүгүн, 23-январда Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

35 млн сомдук аппаратты алууга «Кумтөр Голд Компани» демөөрчүлүк кылган.

Аппаратты тапшыруу салтанатында саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөрүн белгиледи.

«Өлкө башчысы тарабынан саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бүгүнкү алынган жабдуу да ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет», — деди Баатырова.

Айта кетсек, жакынкы күндөрдө Улуттук госпиталга магниттик-резонанстык томограф аппараттары орнотулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM