Биз менен байланышыңыз

Түркмөнбашынын кол тийбестиги тууралуу мыйзам кабыл алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 463 | 0

Түркмөнстандын учурдагы президенти экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кол тийбестиги тууралуу мыйзамга кол койду.

21-январда Түркмөнстандын парламенти-Улуттук Кеңешинин кошмо жыйыны өтүп, анда экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовго «улуттук лидер» статусун берүү чечими кабыл алынган.

Өлкө президенти Сердар Бердымухамедов мыйзамга кол койду. Мыйзам ошондой эле улуттук лидерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик коргоону камсыз кылууну, мамлекет тарабынан ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууну, анын укуктарын жана эркиндиктерин, өмүрүн, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоону карайт. Түркмөн элинин улуттук лидерине кызматтык, турак-жай, социалдык, транспорттук, байланыш, медициналык, санаторийдик жана башка кызматтарды көрсөтүү, материалдык жактан камсыз кылуу, мамлекеттик органдар тарабынан жана бюджетинен ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын президенттигинен өткөн жылдын март айында кеткен. Ордуна уулу Сердар Бердымухамедов шайланган.

Аккан арыктан суу агат же жакынкы тарыхтагы ата-бала президенттер

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM