Биз менен байланышыңыз

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Кыргызстанга келди (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 241 | 0

Бүгүн, 23-январда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Конокторду «Манас» аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Маулен Ашимбаев расмий иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды арттыруу маселелерин талкуулайт. Муну менен катар парламент депутаттарынын катышуусунда кеңейтилген курамдагы жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле сенат төрагасы президент Садыр Жапаров менен да жолугуп, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган форумга катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM