Биз менен байланышыңыз

Зеленский украин армиясынын мобилизациялык резервин түзүүнү тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 583 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөрдүн мобилизациялык резервин түзүүнү тапшырды.

«Коргоо министрлиги согуштук аракеттерден кийин калыбына келүү үчүн армиянын өздүк курамынын резервин түзөт.  Анткени армия жаракаттан да, психологиялык жактан да жабыркады. Бул турган иш», — деп түшүндүрдү Владимир Зеленский.

Ал белгилегендей, Украина үчүн  эң маанилүү ресурс — армия жана калкы. Андыктан аларды коргоо керек. Анын айтымында, мобилизациялык процесстердин чоо-жайын шардана кылып айтууга болбойт.

Эске салсак, Украина өлкөдө 24-февралда жалпы мобилизация жана согуш абалын жарыялаган. Зеленскийдин демилгеси менен алар бир нече жолу узартылган, акыркы жолу 2023-жылдын 19-февралына чейин бекиткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM