Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун акыркы этабы башталды

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 577 | 1

Бүгүн, 23-январда жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо бүгүн башталып, 25-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 28-январы саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

Буга чейин I, II, III турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 693 талон катталып, ЖОЖдор 656 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 554 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

1 пикир

1 пикир

  1. Нарсулуу

    26.01.2023 10:21

    ЖОЖдорго кантип катталса болот.Баламды окутайын дегем.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM