Биз менен байланышыңыз

Былтыр айлык 200 пайызга чейин жогорулаганы айтылды

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 358 | 1

Кыргызстанда 2022-жылы айлык 200 пайызга чейин жогорулады. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эмгек акыны жогорулатуу үчүн кошумча жылдык керектөө жалпы 32,2 млрд сомду түзгөн.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

— билим берүү жана илим кызматкерлерине 180%га чейин;

— медицина кызматкерлерине 150%га чейин;

— маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200%га чейин;

— социалдык коргоо кызматкерлерине 200%га чейин;

— мамлекеттик жарандык кызматчыларга 181%га чейин;

— муниципалдык кызматчыларга 177%га чейин;

— мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчыларга 172%га чейин;

— техникалык тейлөөчү персоналдарга 160%га чейин;

— кенже тейлөөчү персоналдарга 150%га чейин;

— бош жалданган жана жарандык персоналдарга 169%га чейин.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан тарта прокуратура кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун эсебинен 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

1 пикир

1 пикир

  1. Перизат

    23.01.2023 15:54

    Кудайды карасаңар боло

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM