Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы 810 үй-бүлөгө азык-түлүк тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Аларга ун, май жана кумшекер түрүндө азык-түлүк пакеттери берилди.
Майлуу-Суу шаарында 13-январда өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан бери абалды жөнгө салуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 52 кызматкери, 11 техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 222 кызматкер, 51 техника иштеп жатат.
Учурда №1 откана тейлеген 1065 абонентке жылуулук берилди. №4 отказан иштетилип, 157 абонентке жылуулук берилип, жалпы шаардыктардын 68% жылуулук менен камсыздалган.