Connect with us

Султанбаев: Энергетикалык ортомчу компаниялардын саны кыскарды

Кыска кабар | 22 Янв 2023 | 277 | 0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны кыскарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, бөлүштүрүүчү компаниялардын саны 28ден 12ге кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда.

Садыр Жапаров ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тариф 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөрүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM