Биз менен байланышыңыз

Депутат: Орусия Кыргызстанда тогуз мектеп курат

Кыска кабар | 22 Янв 2023 | 247 | 0

Орусия Кыргызстанда тогуз мектеп курат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан бекешев маалымадады.

Анын айтуусуна караганда, мектептер облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында салынат. Биринчи этапта Баткен облусунда, Каракол шаарында жана Бишкекте курулат.

«Мектептер эки өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайык окутат. Директорун Орусия тарап дайындайт, бирок мектептер мыйзамдуу түрдө бизге тиешелүү болот. Имараттар 1200 орунга ылайыкталат. Бишкектин Октябрь районунан жер табылганына жана мектеп Сухэ Батор көчөсүнө курула турганына кубанычтамын» , — деди депутат.

Былтыр 20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганда, билим берүү тармагы боюнча ири долбоорлор иштелип чыгып, Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM