Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун консорциуму түзүлөт

Кыска кабар | 21 Янв 2023 | 156 | 0

19-январда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 жарлыгына ылайык өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков өзгөчө макамы бар ЖОЖдордун консорциумун (бирикме) түзүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, уюмдун жалпы чогулушунун төрагасын жана катчысын шайлашты.

Консорциум өндүрүштүк, каржылык, илимий-техникалык ресурстарды бириктирүү, ЖОЖдордун эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлөрү айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM