Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 22-январда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй облусунда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;
Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Нарында түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -13…-15°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2 суук болот.