Биз менен байланышыңыз

Майлуу-Суу: Тургундардын 68%ы жылуулук менен камсыздалды

Кыска кабар | 21 Янв 2023 | 264 | 0

Кечээ, 20-январь саат 20:30га карата Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү таза суу жана турмуш тиричиликке колдонуу үчүн 48 тонна суу жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сууну ӨКМдин өрт өчүрүү кызматы жана жеке менчик унаанын жардамында жеткирилген.

Белгиленгендей, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенген адистер чакыртылып, катуу сууктан авариялык абалга келген көп кабаттуу турак жайлардагы жылытуучу түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерин баштады.

«Ал эми буга чейин №1, №4 от казандар ишке киргизилип, бүгүн №3 от казанга альтернативдүү жол катары жаңы түтүктөр орнотулуп, моторлор коюлууда.

Жалпысынан шаар тургундарынын 68% пайыз жылуулук менен камсыздалды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон 2 чакырым аралык жеринде жаңы суу түтүгүн орнотуу максатында 11 техника тартылып, казуу иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM