Биз менен байланышыңыз

Францияда миллиондон ашык адам митингге чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2023 | 518 | 0

19-январда Франциянын шаарларынын көчөлөрүнө 1 миллиондон ашык адам пенсия реформасына каршы нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, демонстрацияларга жалпысынан 1,12 миллион адам катышкан. Ошол эле учурда, Парижде 80 миң адам акцияга катышкан.

Бейшембиде пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү караган пенсия реформасына каршы иш таштоо жана нааразылык акцияларынын биринчи күнү болгон.

Митингге темир жол ишканаларынын кызматкерлери, энергетиктер, мугалимдер жана бала бакчалардын тарбиячылары, студенттер, ошондой эле милициянын профсоюзу да чыкты.

Акциялар темир жол транспортунун кыймылынын графигинин бузулушуна, метро, шаардык транспорт линияларынын жана аэропорттун ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келди.

Өкмөттүн пландарына ылайык, пенсияга чыгуунун белгиленген курактык чеги жыл сайын 62 жаштан 64 жашка чейин үч айга чейин жылат жана бул процесс 2030-жылга чейин созулат.

Жаңы режим 1961-жылы сентябрда же андан кийин төрөлгөн француздардын муундарынан башталат.

Бул нааразычылык акцияларын уюштурган профсоюздар кийинки массалык демонстрациялар 31-январга пландаштырылганын жарыялашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM