Биз менен байланышыңыз

Баткенде өрүк данегинен май өндүрүү цехи ачылды

Кыска кабар | 21 Янв 2023 | 266 | 0

Баткенде “Алыш-Дан” кооперативинде өрүк данегинен май өндүрүү цехи ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Мамбетов, ошондой эле БУУнун өкүлдөрү катышты.

Алар аталган кооперативдин өрүктөн жасалган органикалык азыктары жана ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Мындан сырткары, чек ара айылдарынын эли менен жолугуп, керектүү жардамдарын беришти.

Белгилей кетсек, чек ара окуясында Япония өкмөтү 2022-жылдын октябрында Баткен облусунун тургундары үчүн 1 млн доллар өлчөмүндө чукул гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган. Бул жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы аркылуу ишке ашырылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM