Биз менен байланышыңыз

УКМКнын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыска кабар | 21 Янв 2023 | 631 | 0

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү $15 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда О.А. аттуу жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөөчүсү Т.Ы.га жана башка кызматкерлерге карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсине каршы кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн андан 20 миң доллар пара талап кылганы жазылган.

«Арыздын негизинде Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

20-январда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Азыркы тапта бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөл, укук коргоо органдарындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөнү айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM