Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт

Кыска кабар | 21 Янв 2023 | 957 | 0

Ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тариф 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы «Токтогулда» чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп отуруп, 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт. Калганын өзүңүздөр талдап көрсөңүздөр болот», — деп жазды Жапаров.

Ал өлкө эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбаганын, электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болуп жатканын айтты.

«Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80%дан жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Так, кесе айтсам, энергетика тармагыбыз «чала жан» болуп калган.

Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде (жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет) өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып сатып алып келебиз. (Мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз). Аны элге 0,77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет.

Былтыр биз тарифтерди кандай кылдык?

Тоо кен казган тармактарга 5 сом 04 тыйын, мамлекеттик жана орто ишканаларга 3 сом 40 тыйын ал эми, элге 0,77 тыйындан калтырдык».

Жапаров ушул күндөрү көпчүлүк аймакта электр жарыгы өчүп жатканы тууралуу да токтолуп, бул веердик өчүрүүлөр эмес, электр жабдыктарды сактоо максатында гана өчүрүлүп жатканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM