Биз менен байланышыңыз

«Ош» эл аралык аэропортуна жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 20 Янв 2023 | 441 | 0

«Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын директорлугуна Тимурлан Маданбеков дайындалды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи «Ош» эл аралык аэропортунун эмгек жамаатына 19-январда тааныштырылган.

Буга чейин Тимурлан Маданбеков «МЭА» ААКнын Оштогу филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM