Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги бир нече мектептин окуучулары эвакуацияланды

Кыска кабар | 20 Янв 2023 | 158 | 0

Бишкекте төрт мектепте бомба бар делген маалыматтан улам окуу процесси үзгүлтүккө учурады.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген.

“Бардык окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи май райондук милициясы “Илим” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалыматты текшерип жатканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM