Connect with us

Жапаров ичүүчү сууга болгон тарифти өзгөртүү зарылдыгын айтты

Кыска кабар | 20 Янв 2023 | 426 | 0

Ичүүчү сууга болгон тариф саясаты өзгөртүүгө муктаж экенин 20-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен өткөн жыйынында айтты.

Жапаров ачык жерлердеги суу тосмолору тоңуп калып жатканын жана келерки жылы бул маселени чечилерин белгиледи. Анын ичинде «ичүүчү суулардын тутумдарын жердин астынан алчудай кылып, насостор коюлат» деп ишендирди.   

Жапаров быйыл ичүүчү сууга болгон тариф саясаты өзгөртүү керектигин белгиледи.

«Майлуу-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар. Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. Анткени тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат. Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл», — деп билдирди Жапаров.

Анын маалыматына караганда, бишкектиктер суунун бир куб метрине (1000 литр) 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйынды түзөт.

«1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет. Жарым литрлик желим бөтөлкөдөгү сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM