Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Санариптик кодекстин долбоору сунушталды

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 272 | 0
Бүгүн, 19-январда Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Санариптик кодекс – жарандардын жашоосун жакшыртуу жана санарип жаатындагы укукту коргоо” темасынын алкагында Санариптик кодексинин долбоорунун Концепциясынын бет ачарын өткөрдү.
Министр Талантбек Иманов өзүнүн кириш сөзүндө Санариптик кодекстин долбоору өлкөбүздүн мыйзамдарынын терең талдоосунун жана эң мыкты делген дүйнөлүк санариптик практикалардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы болуп саналарын билдирди.
“Санариптик кодекс санариптик конституция сыяктуу бирдиктүү документ болуп саналат. Санариптик технологияларды колдонууга байланыштуу коомдук мамилелерди тескей турган, бирдиктүү эрежелерди колдонуусун камсыздаган жана санариптик технологиялар жаатындагы гармониялуу мамлекеттик башкаруу тутумун түзүүгө жол ачат”,- деди өз сөзүндө Талантбек Иманов.
Болуп өткөн тегерек үстөл Санариптик кодексинин долбоорунун ишке ашуусундагы жаралган маселелер боюнча конструктивдүү түрдө пикир алмашуу үчүн эффективдүү аянтчага айланды. Катышуучулар Кодексте келтирилген бардык демилгелерди колдой тургандыктарын жана Санариптик кодексти жүзөгө ашыруу маселесине кызыктар экендиктерин билдиришти.
Санариптик кодекстин ишке ашуусу жарандарыбыздын жашоо-турмушун кыйла жеңилдетет, санариптик кызмат көрсөтүүнү алуу тутумун жакшыртып жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүн комплекстүү түрдө өнүктүрө алаарына өбөлгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM