Connect with us

Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдары жолугушту

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 347 | 0

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессине катышуунун алкагында Иран Ислам Республикасынын президентинин жубайы Джамиле Аламолхода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Иран президентинин жубайы Джамиле Аламолхода Айгүл Жапарова менен учурашып, Эл аралык конгресске катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алардын аракеттерин бириктирет.

Биринчи айым Айгүл Жапарова чакыруу үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, алдыдагы Конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жакшы диалог аянтчасы болорун белгиледи.

Тараптар бул багыттагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана жогорку потенциалын пайдаланууну макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM