Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Баш мыйзамдын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ишеналиев Турусбек Кубатбекович башкы прокурордун орун басары кызматынан берген арызы боюнча бошотулду.
Өлкө башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык, Үмүткан Конкубаева башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.