Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда электромобилдердин тетиктери чыгарыла баштайт

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 545 | 0

Жалал-Абад облусундагы «Нур» электр жабдыктарын чыгарган ишкана эми электромобилдердин тетиктерин чыгара баштайт.

Бул тууралуу 19-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун аталган ишканага барган учурунда айтылды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, «Нур» ачык акционердик коомунун ишиндеги негизги багыт электр приборлорун чыгаруу болуп саналат, ал Орусияга да сатылат.

Компания жаңы технологияларды өздөштүрүп, анын ичинде электромобилдердин тетиктерин чыгарууну көздөп жатат.

Акылбек Жапаров өнөр жай ишканалары аймактын гана эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздап жаткандыгын белгилеп, атамекендик ишканаларды колдоо Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин айтты.

Ал ушул күндөрү Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырууда.

Copyright © 2017 Maral FM