Биз менен байланышыңыз

УКМК: Курулуш агенттигинин кызматкери кармалды

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 216 | 0

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

 Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, 18-январда Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору М.У.Ж. кармалды.

Ал Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда «Дос-строй» компаниясы үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан.

Анын мындай аракеттери «Дос-Строй» ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон»Болот уста» ЖЧКсы менен субаткаруучу түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган.

Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 миллион сомдон ашык акча каражаты пара түрүндө «Болот уста» ЖЧКсы тараптан эмгек акы төлөнгөн. Ошону менен бирге, социалдык объектини тапшыруунун мөөнөтү бир топ кечиктирилгенине байланыштуу, Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштери бүтпөй калган.

Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4 миллион 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM