Биз менен байланышыңыз

Электр энергиясын ашыкча колдонгон ишканаларга рейд жүрүүдө

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 245 | 0

Энергетиктер уруксат берилген электр кубаттуулукту сактоо боюнча Кыргызстандагы жеке ишканаларга текшерүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, рейддер өлкөнүн энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жүргүзүлүүдө. Текшерүү ишине Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана «Кыргызстандын электр станциялары» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков да катышууда.

Жыйынтыгында белгиленген уруксат берилген кубаттуулуктан ашкан абоненттер электр энергиясынан ажыратылып, керектөөнүн ири өлчөмдө көбөйүшүнө жол бербөө эскертилди.

Улуттук энергохолдинг керектөөнүн өсүшүн ооздуктоо үчүн мындай рейддер өлкө боюнча өткөрүлөрүн белгилейт.

«Өлкөдө абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу энергосистема иштеп жаткан кубаттуулуктун чегинен тышкары иштеп жатат. Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен Токтогул суу сактагычында суунун сарпталышы да эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Мындай уланат берсе суу сактагычтагы суунун көлөмү төмөнкү чеккен жетиши мүмкүн» , — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM