Connect with us

Президенттин маалымат катчысынын MEGA компаниясы боюнча түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 232 | 0

MEGA компаниясы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөй турганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Жогорку Кеңеште 2023-2025-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы талкууланып жатканын жана менчиктештириле турган объектилердин тизмесине MEGA да киргизилгенин айтып, мындан улам ал толук баалоодон өткөнүн билдирди.

«Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда, компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт.

Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун  алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө» , — деди ал.

Мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясын менчиктештирүү боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу  17-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат берди.

Бакиров “Мегакомдун” анык баасы тактала электигин айтты. Менчиктештирүү программасы кабыл алынгандан кийин ыкмасы тандалат – же аукцион коюлуп, же түз сатылат.

Компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов ишкананын наркы болжол менен 12 миллиард сом деп бааланып жатканын, атаандаштык чөйрөсүн түзүү аракети көрүлөрүн айтты.

Мирлан Бакиров 2023-жылы «Альфа-Телекомду» сатуу пландалып жатканын буга чейин айткан.

2022-жылдын декабрь айында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында компаниянын мамлекеттик акцияларынын толук пакетине баалоочуну табуу үчүн сынак жарыялаган.

MEGA компаниясы Кыргызстандагы эң ири мобилдик байланыш оператору. MEGA уюлдук тармагы 2006-жылы 28-апрелде ишке киришкен. Бүгүнкү күндө ишкананын 100% акциясы мамлекетке таандык.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM