Connect with us

Кыргызстандын беш облусунда компьютердик томографиялар ачылат

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 460 | 0

Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарында компьютердик томографиялар ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда Талас облусунда аппаратты орнотуу иштери бүтүп, бейтаптарды кабыл алууда. Ал эми калган облустарда жабдууну орнотуу жана тиешелүү адистерди окутуу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, компьютердик томографиялардын жалпы баасы 349 миң АКШ долларын түзөт. Аппарат көп тармактуу жана бейтаптарды кароодо анализдерди так жүргүзүүгө жана башка ар тараптуу ыңгайлуулуктарга басым жасалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM