Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарына өзгөчө кырдаал жарыялоо сунушталды

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 240 | 0

Бишкек шаарынын абасын текшерип, керек болсо өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул тууралуу парламенттин 18-январдагы жыйынында айтты.

Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү аппараты менен борбор калаанын абасын текшеришин өтүндү.

Мындай сунушту депутат Адахан Мадумаров да колдоп, тез арада Бишкекте дем алуу мүмкүн болбой калганын айтты.

«Эл аралык уюмдардын баасын карасаңар, бүгүнкү күндө Бишкек шаары Бангладештен да алдыга өтүп чыгып, абанын кирдиги боюнча озуп чыктык. Дарыгерлер жаш балдардын жана кары-картаңдардын көчөгө чыгуусу ден соолукка кооптуу деп коңгуроо кагып жатышат. А биз эч нерсе болбогондой эле жүрүп атабыз. Мисалы, Кытайда ушундай абал түзүлүп калганда өзгөчө кырдаал киргизилчү, азыр Кытай тазаланып алды. Мында биздин эле залды караңызчы, туман, эч нерсе көрүнбөйт», — деди депутат.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан текшерүү жүргүзүлөрүн, иш жүрүп жатканына ишендирди.

Праламенттин вице-спикери Нурбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында абанын булганышына байланыштуу маалымат берилерин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM