Биз менен байланышыңыз

Баткенде 30 үй колдонууга берилип, президент 100 миң сомдон тапшырды (видео)

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 186 | 0

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бүгүн, 18-январда 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн.

«Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктаган үйлөрдүн ээлерине президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды. Калган үйлөр аяктоо алдында, бүтө электеринин 80-90% жумуштары аткарылган. Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду», — деди ал.

Орунбеков алдыңкы он күн ичинде дагы 30га жакын үйдүн курулушу аягына чыга турганын кошумчалады.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM