Биз менен байланышыңыз

Электр жарыгын өчүрүү боюнча эскертүүлөр бериле баштайт

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 840 | 0

Кыргызстанда электр жарыгын кыска мөөнөткө өчүрүү үчүн алдын ала эскертүүлөр бериле баштайт. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулады. Буга байланыштуу электр жабдууларына күч келүүдө. Ошондуктан учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусунун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтылып жатат.

Катыраң суукка байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы төмөнкүдөй чараларды көрүүдө:

— компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилигинин, бардык филиалдардын жетекчилеринин, ошондой эле жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулду;

— объекттерде өздүк курамдын кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулду;

— Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аны тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы даярдалды;

— Оңдоп-түзөө бригадалары керектүү жабдыктар жана автотранспорт менен камсыз кылынды.

Депутат: Электр жарыгын өчүрсөңөр да, алдын ала кабар бергиле

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM