Биз менен байланышыңыз

Кара-Балта: 6 жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 167 | 0

Кара-Балта шаарында кыздын өлүмү боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси (жардам көрсөтпөй коюу фактысы) менен иш козголгон.

Учурда бардык укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 15-январда Чүй облусунун Жайыл районундагы Жалпы дарыгердик практика борборунда алты жашар кыз чарчап калган. Ал ооруканага өтө оор абалда алып келинген. Ага дем алуу жетишсиздиги диагнозу коюлуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Сактап калуу аракетине карабастан, кыз эртеси эртең менен көз жумган.

Аталган факт 2023-жылдын 15-январында Жайыл районунун ИИБнин ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM