Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда кышкы каникул дагы узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 438 | 0

Өзбекстанда мектеп, лицей жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн кышкы каникул 23-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракалпакстандагы мектептердин төрттөн үч бөлүгү, Ташкент шаары, Ташкент, Анжиян, Бухара, Наманган, Сурхандарыя жана Хорезм облустарында сабак кийинки дүйшөмбүдө башталат.

Бул арада Мектепке чейин жана мектепте билим берүү министрлиги аба ырайы турукташканга чейин окуучуларды убактылуу онлайн окутууга которуу маселесин карап жатканын кабарлады.

Катуу сууктан улам Өзбекстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында кышкы каникул бир нече жолу узартылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM