Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу күчөтүлөт

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 134 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук тобунун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инвестиция тармагындагы көйгөйлүү маселелерге жер, мамлекеттик органдар менен иш алып баруу, ченемдик-укуктук актылардагы коллизиялар жана инвестициялык сынактардын өтүшү болууда.

«Ар бир инвестициялык долбоор үчүн кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчисинин түздөн-түз жоопкерчилигин киргизүү керек. Мына ошондо аткаруу бийлигинин жетекчилери инвесторлордун маданиятын түшүнөт. Ошондой эле инвесторлорду тартуу боюнча маселе жаралган болсо, аны чечүү жолдорун ачкан тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл», — деди Бакыт Төрөбаев.

Өлкө боюнча 105 инвестициялык долбоор бар. Өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлор негизинен Түркиядан, Кытайдан жана Орусиядан келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM