Connect with us

Улуттук банкта валюта рыногундагы кырдаал талкууланды

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 278 | 0

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн валюта рыногундагы учурдагы абал, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 13-январындагы токтому менен киргизилген накталай АКШ долларын Кыргызстандан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Улуттук банктын жетекчилиги кардарларды банктык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн накталай чет өлкө валютасын жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу коммерциялык банктар тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады.

Жолугушууда Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга дайыма көз салып, көзөмөлдөп турары жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуу жана коопсуз ишин мындан ары камсыз кылуу үчүн чараларды көрөрү белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM